«Зейтин далы» кыймылы эл аралык укуктардын негизинде жүргүзүлүүдө

Хулуси Акар, «Зейтин далы» кыймылынын БУУнун келишими жана эл аралык укуктардан келип чыккан укуктардын негизинде жүргүзүлгөнүн айтып өттү.

893721
«Зейтин далы» кыймылы эл аралык укуктардын негизинде жүргүзүлүүдө

Башкы штабдын төрагасы, армия генералы Хулуси Акар, «Зейтин далы» кыймылынын БУУнун келишими жана эл аралык укуктардан келип чыккан укуктардын негизинде жүргүзүлгөнүн айтып өттү.

Армия генералы Акар, «Зейтин далы» кыймылынын алкагында Хатай аймагында иликтөө жана текшерүүлөрдү жүргүздү.

Башкы штаб төрагалыгынын маалыматына караганда, армия генералы Акарды, кургактык күчтөрү командири, армия генералы Яшар Гүлер, деңиз күчтөрү командири,адмирал Аднан Өзбал жана аба күчтөрү командири, армия генералы Хасан Күчүкакйүз коштоп барышты.

Кыймылдын ПКК/КЖК/ПЙД-ЙПГ жана ДЕАШ террор уюмдарын жок кылыш үчүн ишке ашырылганын белгилеген армия генералы Хулуси Акар: «ТККнын иш-аракеттерин БУУнун келишиминин 51-беренесинде орун алган «Мыйзамдуу коргонуу укугу» жана БУУнун Коопсуздук кеңешинин террор менен күрөшүүгө карай токтомдорунун алкагында эл аралык укуктан келип чыккан укуктарынын негизинде жүргүзгөнүн, кыймыл убагында бир гана террористтерге таандык буталар атылганын, жаран/карапайым кишилердин зыян тартпашы үчүн ар түрдүү кылдаттык жана сезимталдыктын көрсөтүлгөнүн», айтты.

Кыймылдардын Сириянын жеринин бүтүндүгүн урматтоо менен жүргүзүлгөнүн баса белгилеген армия генералы Акар, кыймылдын бир максатынын да дос жана тууган аймак калкын террористтердин кысым жана зулумдугунан куткаруу болгонун белгилеп кетти.

Армия генералы Акар,кыймылдын алкагында көрсөткөн баатырдык жана берилгендиктен улам кызматкерлерин куттуктап, ийгилик каалады.



Тектеш кабарлар