ДЕАШ,ПКК,ЙПГ, KCK, PJAK, булардын идеологиялары айырмаланып турса дагы бардыгы тең террор уюмдары
Чавушоглу, Ирактын тышкы иштер министри Ибрахим аль-Жафери менен Багдадда Ирактын Тышкы иштер министрлигинин расмий имаратындагы жолугушууларынан кийин биргелеше маалымат жыйын өткөрдү.
![ДЕАШ,ПКК,ЙПГ, KCK, PJAK, булардын идеологиялары айырмаланып турса дагы бардыгы тең террор уюмдары](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/ce0f/2bfa/1c0f/5a647da64519e.jpg?time=1718951421)
Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, ДЕАШ,ПКК,ЙПГ, KCK, PJAK, булардын идеологиялары айырмаланып турса дагы бардыгынын террор уюмдары экенин айтты.
Чавушоглу, Ирактын тышкы иштер министри Ибрахим аль-Жафери менен Багдадда Ирактын Тышкы иштер министрлигинин расмий имаратындагы жолугушууларынан кийин биргелеше маалымат жыйын өткөрдү.
Чавушоглу: «Ирактын ДЕАШ террор уюмунан тазаланышы абдан маанилүү. Бирок Ирактын бардык террордук уюмдардан тазаланышы да ошондой эле абдан маанилүү. Өзгөчө ПКК террор уюмунун да Ирактан толугу менен тазаланышы керек»,деди.
Чавушоглу: «ДЕАШ,ПКК,ЙПГ, KCK, PJAK, булардын идеологиялары айырмаланып турса дагы бардыгы террор уюмдары, бардыгынын максаты бир. Булар Иракты, Сирияны, Түркияны, Иранды бөлгүсү келип жатат»,-деди.
Чавушоглу: «Түркия, кечээ баштаткан «Зейтин далы» кыймылы менен Афринде бул террористтерди кантип тазалай баштаса Сириянын башка аймактарынан да жана Түркиянын тоолорунан да бул террористтердин толугу менен тазаланышы керек. Биз Ирактын ПККдан тазаланышы үчүн Ирак башкаруучулугуна мындан мурда урматтуу Ибадинин Анкара сапарында да баса белгилегенибиз сыяктуу ар түрдүү колдоону көрсөтөбүз»,-деп айтты.
Тектеш кабарлар
![Министр Шимшек экономика саясатында чоң жылыш болгонун айтты](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/2c2c/2e17/7c21/667433d0d3b4a.jpg?time=1718951421)
Министр Шимшек экономика саясатында чоң жылыш болгонун айтты
Мехмет Шимшек Британияда Chatham House уюштурган конференцияда сөз сүйлөдү.