Афринде 30 км ичкериге чейин коопсуз аймак түзүлөт

Премьер-министр Бинали Йылдырым, медиа өкүлдөрү менен Стамбулдагы Премьер-министрликке таандык «Вахдеттин» сарайында жолукту.

893501
Афринде 30 км ичкериге чейин коопсуз аймак түзүлөт

Афринге кургактык кыймылы башталды, Түрк аскери саат 11:05те аймакка кирди.

Премьер-министр Бинали Йылдырым, медиа өкүлдөрү менен Стамбулдагы Премьер-министрликке таандык «Вахдеттин» сарайында жолукту.

Жабык эшик артында 1,5 саатка созулган жыйналыштын негизги күн тартип беренесинин Сириянын Африн аймагында ПКК/КЖК/ЙПГ-ПЙД жана ДЕАШка мүчө террористтерди жок кылуу үчүн баштатылган «Зайтун далы» кыймылы болгону маалым болду.

Кечээ башталган абадан кыймыл жана замбирек атууларынан кийин бүгүн кургактык кыймылы башталганын баса белгилеген премьер-министр Йылдырым, «Зейтин далы» кыймылы тууралуу, «Кыймыл абдан катуу түрдө жүргүзүлөт»,-деди.

Африндеги террористтерге көрсөтүлө турган ар бир колдоонун ошол эле учурда бул операциянын да максаты боло турганын баса белгилеген премьер-министр Бинали Йылдырым, «Зейтин далы» кыймылынын 4 баскычта жүргүзүлө турганын, 30 км ичкериге чейин коопсуз аймак түзүлө турганын жарыялады.

Афринде 8-10 миң чакты террорист бар экенин түшүндүргөн өкмөт башчы, аймактын жайгашкан бардык террордук топтордон тазалана турганын, бул темада толук чечкиндүүлүк бар экенин айтты.

Өкмөт башчы кыймылда колдонулган ок-дарынын толугу менен жергикликтүү жана улуттук экенин да белгилеп кетти.

Кыймылдын Мүнбич менен уланып же уланбай турганы темасында болсо өкмөт башчы: «АКШнын убадасы бар, ошол убаданын орундатылышын күтүүдөбүз»,-деди.

АКШ ар түрдүү колдоону көрсөткөн террор уюму ПКК/ПЙД-ЙПГнын Мүнбичти ДЕАШтан тазалангандан кийин бошото турганы жана аларга берилген куралдарды чогулта турганынын убадасын берген, бирок бул багытта эч бир жылыш болгон жок, тескерисинче аймак ДЕАШтан тазалангандан кийин да террористтерге курал берүүсүн улантты.

Африн бардык террордук уюмдардын тазалана турганын белгилеген Йылдырым, кыймыл башталаардан мурда бардык дипломатиялык сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөнүн да маалымдады.



Тектеш кабарлар