Түрк куралдуу күчтөрүнүн 'Зейтин Далы'кыймылы

Түрк куралдуу күчтөрүнүн 'Зейтин Далы'кыймылынын алгачкы маалыматтары келе баштады.

892963
Түрк куралдуу күчтөрүнүн 'Зейтин Далы'кыймылы

Түрк куралдуу күчтөрүнүн 'Зайтун Далы'кыймылынын алгачкы маалыматы келди.

Кыймылдын алгачкы бир жарым саатыннын ичинде террор уюму ПКК /ПЙДга таандык экени  белгиленген  113 бутасынан 108и атылды.

Ошондой эле Түрк согуштук учактары террор уюму ПЙД/ПККнын басып алуусу астындагы Миннинг аскердик аэропортун атты.

Ооруканага жеткирилген өлүү жана жаралуулардын бардыгынын ПКК / ПЙД террор уюмунун мүчөлөрү экени маалымдалды. 

Бул учурда АКШ, Иран жана Орусиянын элчилик миссияларынын шефтери менен Англия, Франция жана Кытайдын элчилери Тышкы иштер министрлигине чакыртылып Сириянын Африн аймагындагы акыркы абалдар жана "Зейтин Далы" кыймылы тууралуу маалыматтандырылды.

Бир тараптан Орусиянын Коргоо министрлиги Африндеги орус аскерлеринин коопсуздук себеби менен Тель Рыфатка өткөрүлгөнү билдирилди.

Коргоо министрлиги айрыкча "АКШнын Сирияда таштаган жоопкерчиликсиз кадамдарынын себебинен өлкөдөгү чечүүчү жол процесси коркунучка түштү" деген серебин салды.



Тектеш кабарлар