Президент Эрдоган Өзбекстанга көңүл айтты

Эрдоган Мирзиеев менен сүйлөштү.

891768
Президент Эрдоган Өзбекстанга көңүл айтты

Президент Режеп Тайип Эрдоган, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев менен телефондо сүйлөштү.

Президенттиктен маалымдалгандай Эрдоган өзбек кесиптеши менен өткөргөн сүйлөшүүдө, Казакстандагы автобус кырсыгында каза болгон өзбек жарандары үчүн көңүл айтты.

Кырсыкта каза тапкандарга жаткан жерлери жайлуу болушун, жаракат алгандардын тезирээк сакайып кетишин тилеген президент Эрдоган, Түркия катары Өзбекстандын кайгы-муңун тең бөлүшкөнүн айтты.

Казакстандын түндүк-батышындагы Сарама-Шымкент унаа жолунда, Актөбө шаарына 320 километр алыстыкта бара жаткан жүргүнчү автобусунда чыккан өрт, өзбекстандык 52 жарандын каза болушуна, 5 жүргүнчүнүн да жаракат алышына себепчи болгон.

 



Тектеш кабарлар