Орусиянын аскерлери Афринден чыгууда

Африн аймагындагы террордук уюмдарга каршы операция үчүн даярдыктар уланып жатат.

892370
Орусиянын аскерлери Афринден чыгууда

Түрк куралдуу күчтөрүнүн Сириянын Африн аймагындагы террордук уюмдар ПЙД/ПКК буталарына карай операция үчүн даярдыктары уланып жатканда, Орусия аскердик бөлүктөрүн аймактан чыгарып кете баштады.

Анадолу агенттигинин Африндин ичиндеги ишенимдүү булактардан алып берген маалыматына караганда, Кефер Женне айылына жакын жерлерде жайгашкан орус аскердик полиция кызматкерлери аймактан топ-тобу менен чыгып жатышат.

Афринден чыккан ондогон орус аскердик полиция, Башар Асад режиминин көзөмөлүндөгү Нубул жана Зехра жергелерине жетти.

Орус аскердик полициянын бир бөлүгү дагы деле Афринде.

Генштабдын төрагасы армия генералы Хулиси Акар кечээ Москвада Орусия Федерациясынын Башкы штабынын башчысы армия генералы Валерий Герасимов менен жолуккан болчу.

Жолугушууда аймактык коопсуздук темалары, Сириядагы акыркы кырдаал жана Астана/Женева процесси каралган болчу.



Тектеш кабарлар