Башкы штабдын төрагасынын ЙПДге каршылык көрсөтүүсү

Башкы штабдын төрагасы армиянын генералы Хулуси Акар

889630
Башкы штабдын төрагасынын ЙПДге каршылык көрсөтүүсү

Башкы штабдын төрагасыармиянын генералы Хулуси Акар террордук уюм ПККнын уландысы экендиги ачык далилдер менен такталган террордук уюм ЙПГнин «операциялык өнөктөш» деген аттын астында колдоого алынышы жана куралдандырылышына уруксат берилбей тургандыгын айтты. Армиянын генералы Акар Бельгиянын борбор шаары Брюсселдеги НАТО аскердик комитеттин башкы штаб төрагаларынын жыйынынын ачылуу отурумунда сөз сүйлөдү. Акар : «ПККнын уландысы экендиги ачык далилдер менен такталган террордук уюм ЙПГнин «операциялык өнөктөш» деген аттын астында колдоого алынышы жана куралдандырылышына ураксат бербейбиз. Бул жаңылыштыктан кыска убакытта кайтыларын ойлоп жатам»,- деди.

Армиянын генералы Акар мүчө өлкөлөрдүн башкы штаб төрагаларына кайрылуу сөзүндө : «НАТО терроризм менен күрөшүү сөз болгондо террордук уюмдардын арасында бөлүүчүлүк болбошу керек»,- деди.  Акар : «ДИАШ менен күрөш канчалык маанилүү болгон болсо ПКК/ПЙД/ЙПГ, Фетуллахчы террордук уюм жана параллель мамлекеттик түзүм менен күрөш да ошончолук маанилүү»,- деди.

 



Тектеш кабарлар