АКШ шериктештерин тандайбы же террор уюмдарын тандайбы?

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Ванкуверде басма сөз кызматкерлерине АКШнын акыркы ЙПГ кадамы тууралуу сереп салуусун билдирди.

889203
АКШ шериктештерин тандайбы же террор уюмдарын тандайбы?

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, АКШ шериктештерин тандайбы же террор уюмдарын тандайбы, бул темада тарабын билдириши керектигин айтты.

Канаданын Ванкувер шаарында жолугушууларды өткөргөн Мевлүт Чавушоглу, АКШнын «Сирияда чек ара бөлүктөрү» туурасындагы билдирүүсүнө, «АКШ тарабын белгилеши керек, шериктештерин тандайбы же террор уюмдарын тандайбы? АКШ террор уюмдарын тандаса биздин да мамилебиз ошого жараша башкача болот»,-деп каршылык көрсөттү.

Министр Чавушоглу, Корея жарым аралындагы коопсуздук жана ыраттуулук темалуу тышкы иштер министрлеринин жыйналышына катышканы барган Ванкуверде басма сөз кызматкерлерине АКШнын акыркы ЙПГ кадамы тууралуу сереп салуусун билдирди.

Мындан мурда АКШнын президенти Дональд Трамптын президент Режеп Таййип Эрдоганга «ЙПГга мындан ары курал берилбей турганын» бир канча жолу айтканын эске салган Чавушоглу, бул билдирүүсүнөн кийин АКШнын ар башка органдарынан ар башка билдирүүлөр айтылганын белгиледи.

Чавушоглу: « (Террор уюмдарына каршы) Биз өз чараларыбызды көрөбүз. Артында ким болсо болсун; АКШ турабы же башка өлкө турабы, бизге кызыгы жок»,-деп айтты.

«Барынан мурда АКШ (өзү жалгыз) коалициянын атынан билдирүү айта албайт, анткени биз дагы коалициянын ичиндебиз»,-деп айткан Чавушоглу, Түркиянын террор уюму ЙПГга каршы ар түрдүү чараны көрө турганын кошумчалады жана: «ПККнын артында да башка өлкөлөр бар. Бирок биз ПКК менен кандай күрөш жүргүзсөк ЙПГ менен да ошондой эле күрөшөбүз. Афринде күрөшөбүз, Евфраттын     чыгышында күрөшөбүз, бардык жерде күрөшөбүз. Бул биз үчүн турган маселе. Түрк улутуна каршы түзүлгөн коркунучту жок кылуу биздин милдетибиз. Бул үчүн да эмне керек болсо кылабыз. А бирок террор уюмдарын тандаган өлкөлөргө карай мамилебиз башкача болот. Биздин душманыбыз болгон террор уюму менен кызматташкан, ага жардам берген өлкөлөргө биздин ишенишибиз мүмкүн эмес»,-деди.

Түркиянын террор уюму ЙПГга карай операцияларын эч ким токтото албай турганын белгилеген Чавушоглу: «Бул темада АКШнын дагы Батыштын дагы чынчыл болушу керек; Сирияны бөлгүсү келеби же Сириянын жеринин бүтүндүгүн каалайбы?»,-деп сурады.

Ванкуверде бүгүн боло турган жыйналышта Чавушоглунун АКШнын мамлекеттик атчысы Рекс Тиллерсон менен жолугушуусу жана бул темаларды карап чыгуусу күтүлүүдө.

АКШ баштаган ДЕАШка каршы коалициянын катчысы, полковник Райан Диллон, Сирияда басымдуу түрдө (ПЙД/ПККнын туундусу) Сириянын демократиялык күчтөрүнөн (СДК) турган жана 30000 кишилик «Чек ара коопсуздугу күчүн» кура тургандарын жарыялаган. Ал билдирүүсү Түркиянын катуу каршы чыгуусуна дуушар болду.



Тектеш кабарлар