Түркия менен Сомали карым – катнаштары өнүгүүсүн улантууда

Эки өлкөнүн ортосунда экономикалык тармакта кызматташтык келишимдерине кол коюлду.

887367
Түркия менен Сомали карым – катнаштары өнүгүүсүн улантууда

Эки өлкөнүн ортосунда экономикалык тармакта кызматташтык келишимдерине кол коюлду. Түркия  - Сомали биргелешкен экономикалык комиссиясынын 1 -  кезектеги жыйыны Анкарада өттү.

Вице  - премьер Режеп Акдаг эки өлкөнүн соода көлөмүнүн 2016 -  жылы 120 миллион долларга чыккандыгын айтты. Сомалинин вице  - премьери Махди Мохаммед Гулаид болсо түрк инвесторлорун өлкөсүнө чакырды.

Азык  - түлүк, дыйканчылык жана мал  - чарбачылык министри Эшреф Факыбаба менен Сомалинин балыкчылык жана суу булактары министри Абдирахман Абди Хаши болсо «Балыкчылык жана балык багуу» боюнча макулдашуу келишимине кол коюшту. Келишим менен түрк балыкчылары Сомалиде балык уулай алышат.

 



Тектеш кабарлар