«Анкара канчалык коопсуз болсо Вашингтон да ошончолук коопсуз»

Премьер  - министр Бинали Йылдырым : «Анкара канчалык коопсуз болсо Вашингтон да ошончолук коопсуз»,- деди.

887202
«Анкара канчалык коопсуз болсо Вашингтон да ошончолук коопсуз»

Премьер  - министр Бинали Йылдырым : «Анкара канчалык коопсуз болсо Вашингтон да ошончолук коопсуз»,- деди. Премьер  - министр Бинали Йылдырым борбор шаар Анкарада күн тартиби тууралуу суроолорго жооп берди. Бир журналисттин Түркиянын АКШга саякат тууралуу эскерткендигин, мындан мурда Вашингтондон Түркияга карата да ошол эле кадамдын ташталгандыгын эскертүүсү менен Йылдырым : «Бул адилетсиздик жана АКШ  - Түркия карым  - катнаштарына оң салымын кошпойт. Анкара канчалык коопсуз болсо Вашингтон да ошончолук коопсуз. Стамбул канчалык коопсуз болсо Нью  - Йорк да ошончолук коопсуз. Саякатка чыгууга тыюу салуу чечүүчү жол эмес. Глобалдык террорго каршы дагы бекем тилектиштик болушу керек»,- деди.

Түркиянын Сириянын Идлиб аймагында жарандардын өлтүрүлүшүн айыптагандыгын да билдирген премьер  - министр : «Сирияда бекем тынчтыктын түзүлүшү үчүн Түркия башта болуп  Орусия жана Иран демилге көтөрүштү. Мындай абалда режимдин ал жерде аянтка ээ болуу үчүн жаран жана башка элементтерди  бөлбөстөн кол салууга өтүшү жаңылыш нерсе жана айыптайбыз. Муну Орусия жана Иран менен сүйлөшүп жатабыз. Эскертүүлөрдү берип, чараларды көрүүдөбүз. Орусия менен Иран режимге  дагы көп сунуш киргизүүгө мажбур кылды».

Биналы Йылдырым Идлибде кол салуулардын күч алышынын  качкындардын дагы да көбөйүшүнө, жапа чегүүлөргө себеп болушу мүмкүн экендиги боюнча да эскертти.

 

 



Тектеш кабарлар