Түркиянын сабыры түгөнүп баратат

Президент Эрдоган айыл өкмөт башчыларына кайрылды.

886369
Түркиянын сабыры түгөнүп баратат

Президент Режеп Тайип Эрдоган, Сириянын түндүгүндө террордук коридор түзүү аракетине каршы Түркиянын сабынын азайганын айтты.

Эрдоган Президенттик комплексте айыл өкмөт башчылары менен жолукту.

Эрдоган, жикчил террордук уюм ПККнын Сириядагы уландысы ПЙД аркылуу АКШнын Сирияда террордук коридор түзүүнү каалап жатканын баса белгиледи.

Бул аракеттерине каршы Түркиянын сабырынын азайганын айткан Эрдоган: «Сирияда жана Иракта болуп жаткан жагдайлардын, курулган тартиптин (террордук коридор түзүү) максаты барган сайын дагы так түшүнүктүү боло баштады. Жалган сөздөрүнө чыдашыбыз керек эмес. Аймакты террордон тазалоо максатында өткөн жылы Евфрат калканы кыймылы менен көрсөткөнүбүз кадамды кеңейте турган күчкө ээбиз»,-деди.

ПЙД тарабынан Сирияда террордук коридор түзүүгө аракет кылынып жаткан аймактын Түркиянын жүрөгүнүн түпкүрүндө орун алганын белгилеп жана бул аймак менен туугандык байланыштарына көңүл бурган Эрдоган: «Ал жерде мамлекет курууну каалагандар куру-жалак калышат. Ойлогондору ишке ашпайт. Эч ким ал жерде жаңы мамлекет курууга аракет кылбасын»,-деди.  

Сөз сүйлөөсүндө 2016-жылдын 15-июлунда төңкөрүш кылууга аракет кылган Фетуллахчы террор уюмунун корбашчысынын АКШда колдоо тапканын белгилеген Эрдоган: «Сен муну тапшырып бербей жатсаң, мындан кийин бизден кандайдыр бир террористти каалаган учурда ал террористти ала албайсың»,-деди.



Тектеш кабарлар