Президент Эрдоган орус кесиптеши менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү

Президент Эрдоган Орусиянын президенти Владмир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

886515
Президент Эрдоган орус кесиптеши менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү

Президент Режеп Таййип Эрдоган, орус кесиптеши Владимир Путинден Сириянын Идлиб жана Гута аймактарына багытталган кол салуунун токтотулушуна салым кошууну талап кылды.

Эки лидер кечке жуук телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрүштү.

Орус тараптын талабы менен ишке ашкан сүйлөшүүдө  эки тараптуу карым-катнаштар атомдук кызматташтыкты да камтыгыдай түрдө каралып, Сирия маселеси башкы күн тартипти түздү.

Эрдоган, Асад режиминин Идлиб жана Гута аймактарында жарандарды бутага алган кол салууларынын токтотулушу үчүн Путинден салым кошуусун суранды.

Орусиянын президенти Владимир Путин болсо сүйлөшүү тууралуу маалымдоосунда Орусиянын Сириядагы аскердик базаларына акыркы күндөрдөгү кол салуу аракеттерин эске салып: «Булар менен түрк аскерлеринин дагы, түрк башкаруучулугунун дагы эч кандай тиешеси жок. Бул кол салуулардын артында кимдер турганын билебиз»,-деди.

Хмейним базасына учкучсуз учуучу аппараттар менен кол салуу аракетинин кылдат пландалганын баса белгилеген Путин, анын максатынын болсо Түркия менен катар өнөктөштөр менен карым-катнаштарды бузуу экенин белгилеп өттү.



Тектеш кабарлар