Бир убакта автобус айдаган Өкмөт башчы

Премьер-министр Бинали Йылдырым, бир убакта автобус менен киши ташыганын түшүндүрдү.

885856
Бир убакта автобус айдаган Өкмөт башчы

Премьер-министр Бинали Йылдырым, бир убакта автобус айдаганын билдирди.

ТРТ-Хабер каналында чыккан «Жүрөк сыры» программасында нидерландиялык алып баруучу Вилко Ван Херпердин бул жумадагы коногу өкмөт башчы Бинали Йылдырым болду.

Программада автобус айдаган өкмөт башчы Йылдырым, бир убакта автобус менен киши ташыганын түшүндүрдү.

Өкмөт башчы Ылдырым: «Учурда айдап бараткан автобустун чоң мааниси бар. 1978-жылы мен автобус айдай баштадым. Ошондо алган автобустун өзүндөй, бул. Орто эсеп менен 15 жылдан бери тыңгылыктуу деле унаа айдаган жокмун. Мен үчүн да чоң өзгөчөлүк болду»,-деди.

Түркиянын бардык жерине жүрүнчү ташыганын айткан премьер-министр, «Атам менен чогуу баштадык бул жумушту. 1984-жылга чейин ушул ишти кылдык. Ошол себептен Түркиянын ар тарабына жүргүнчү ташыдым. Албетте, ал убакта биздин оюубузда министр болуу, премьер-министр болуу жок болчу. Аны каалап коюу менен эле болбойт. Көп иштешиң керек, аракет кылышың керек»,-деп айтты.

Президент Режеп Таййип Эрдоган менен таанышуусуна да токтолгон Өкмөт башчы: «Уруматтуу президентибиз менен 1970-жылдардын акырында Касымпашада тааныштык. Улуттук Селамет партиясында саясат кылчу жана бир жагынан футбол ойночу. Кийинчерээк Стамбул шаарынын мэри болгондо мен да кыскача «ИДО» деп аталган Стамбулдун деңиз автобустары мекемесинин башкы директору болдум. Президентибиз кызмат мөөнөтү толо электе абакка түшүп калды. Мен да ИДОдон чыгып эркин иштедим. Андан кийин Адилеттик жана өнүгүү партиясынын түзүлүү баскычында кайрадан чогуу иштедик»,-деди.



Тектеш кабарлар