Иран жана Орусия Сириядагы ок атышпоочулук аймагында кыргын салган Асад режимин токтотуулары керек

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Анадолу агенттигинде күн тартип тууралуу маалымат берди.

885301
Иран жана Орусия Сириядагы ок атышпоочулук аймагында кыргын салган Асад режимин токтотуулары керек

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Иран жана Орусиянын Сириядагы ок атышпоочулук аймагында ок атышпоону бузуп кыргын салган Асад режимин токтотуулары керектигин айтты.

Чавушоглу, Анадолу агенттигинде күн тартип тууралуу маалымат берди.

Асад күчтөрүнүн Идлибде  ок атышпоону бузганын, жаран калк жана жөнөкөй оппозициячылдарды бутага алганын белгилеген Чавушоглу, Иран жана Орусиянын Сириядагы кепилдик милдеттерин орундатуулары керектигин айтты.

Чавушоглу: «Идлибде болгон жалгыз бир гана абадан кол салуу эмес. Режим ичкерини көздөй илгерилеп барат. Мына ушул себептен эки өлкөнүн элчилерин чакырып эскерттик.Ок атышпоону бузууларды карасаңыз 95 пайызы режим же режимди колдогон топор. Максат эмне? Бул процесстен пайдаланып режимдин жөнөкөй оппозициячылдарды, жарандарды жок кылышыбы?»,-деди.

«Эгерде бул жердеги максат бул кол салуулар менен айрым каалабаган оппозициячыл топтордун Орусиянын Сочи шаарында боло турган Сириянын Улуттук диалог конгрессине баруусун камсыздоо болсо, ал дагы терс реакция жаратат»,-деп айткан Чавушоглу, айдын акырында Орусиянын Сочи шаарында жаран калктын катышуусунда боло турган жолугушуулардан жыйынтык алынуусу үчүн кагылышуулардын токтотулушу керектигин, Асад күчтөрүнүн оппозициячыл топторго кол салуусу уланып жатканда оппозициячылдардын кайсы бир нерсени сүйлөшүүлөрүнүн мүмкүн болбой турганын айтты.

Чавушоглу: «Сочиге террористтердин чакырылбашы керектигин, жикчил террор уюму ПККнын Сириядагы уландысы ПЙД/ЙПГ турган жерде болбой турганыбызды айттык. Сочиде террор уюмдары болсо процесс балталанат»,-деп айтты.

Түрк куралдуу күчтөрүнүн ок атышпоону байкоо милдети үчүн Идлибге жайгашуусун улантканын белгилеген Чавушоглу, Түрк куралдуу күчтөрүнүн Идлибде 4-байкоочу пункттун ордун кургандарын да маалымдады.



Тектеш кабарлар