Агры жана Ыгдырда салынып жаткан коопсуздук дубалдарынын 50 пайызы бүттү

Ички иштер министри Сүлейман Сойлу, Түркия менен Ирандын чек арасында салынып жаткан модулдук чек ара коопсуздук дубалдарын иликтеп, чек арадагы коопсуздук пункттарына барды.

883757
Агры жана Ыгдырда салынып жаткан коопсуздук дубалдарынын 50 пайызы бүттү
soylu iran guvenlik duvari.jpg

Ички иштер министри Сүлейман Сойлу, Агры жана Ыгдырда салынып жаткан коопсуздук дубалдарынын 50 пайызын бүтүргөндөрүн айтты.

Жандармериянын башкы командири, армия генералы Ариф Четин менен бирге Агры жана Ыгдырга барган ички иштер министри Сойлу, Түркия менен Ирандын чек арасында салынып жаткан модулдук чек ара коопсуздук дубалдарын иликтеп, чек арадагы коопсуздук пункттарына барды.

Министр Сойлу, эң оболу Түркия менен Ирандын чек арасындагы «Шейит жөө аскерлер лейтенанты Бекир Курт» атындагы чек ара командасынын коопсуздук пунктуна учурады.

  Байкоочу мунарасына чыгып чек ара тилкесин иликтеген Сүлейман Сойлу, андан соң тик учар менен 4-Чек ара батальонунун командирлигине жана Султантоп коопсуздук пунктуна барып шейиттерди эскерди.

Иликтөө жана сапарларынан кийин маалымдоо жасаган министр Сойлу: «Агры жана Ыгдырда салынып жаткан чек ара коопсуздук дубалдарынын 8 айда 50 пайызын бүтүргөн абалдабыз»,-деди.

ТОКИ (Тобу менен турак жай салуу башкармалыгы) тарабынан салынган жана Башкы штаб төрагалыгы, Ички иштер министрлиги менен Тышкы иштер министрлигинин координациясында жүргүзүлгөн модулдук чек ара коопсуздук дубалдарынын террористтердин чек аралардан өтүүлөрүнө чоң көлөмдө бөгөт боло турганын белгилеген ички иштер министри Сойлу: «144 кг метрдик чек ара дубалын салуу муктаждыгы келип чыкты. Мунун себеби террор, контрабанда жана мыйзамсыз көч менен күрөшүү. 8 айда 50 пайызын бүтүргөн абалдабыз. Чек ара дубалдарыбыз бүткөндөн кийин керек болсо тартипсиз көч, керек болсо террористтердин Иран тарабынан Түркияга өтүүлөрүнө бөгөт болгон болобуз. Ирандын да акысын жебеш керек бул жерде. Бизге олуттуу түрдө жеңилдетүүчү мамиле жасоодо, кадамдарды таштоодо. Дубал июль, август айында бүтөт. Ардаханда да Грузия жана Армения чек арасында башка ыкма менен муну камсыздайбыз. 1-2 айдын ичинде буга жакын кадам таштайбыз, электроникалык системаны процесске киргизген жаңы моделди ишке ашырууга аракет кылабыз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар