Түркия Израиль парламентинде кабыл алынган мыйзам долбооруна катуу каршылык көрсөттү

Израиль тарабынан ташталган расмий болбогон кадамдардын 13 -декабрда Стамбулда болгон Ислам Кызматташтык Уюмунун кезектеги саммитинин акыркы билдирүүсү менен БУУнун Жалпы Кеңешинин чечимине тескери экендиги баса белгиленди.

882320
Түркия Израиль парламентинде кабыл алынган мыйзам долбооруна катуу каршылык көрсөттү

Түркия Кудусту кээ бир аймактарынан баш тарттыруу үчүн «80 депутаттын бекитүүсүн мажбур кылган мыйзам долбоорунун» Израиль парламентинде кабыл алынышына катуу каршылык көрсөттү.

Министрликтен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Израиль тарабынан ташталган расмий болбогон кадамдардын 13 -декабрда Стамбулда болгон Ислам Кызматташтык Уюмунун кезектеги саммитинин акыркы билдирүүсү менен БУУнун Жалпы Кеңешинин чечимине тескери экендиги баса белгиленди.

Маалыматта мыйзам долбоорунун Израиль парламентинде кабыл алынышынын тынчтык процессинин пайдубалын бузган жана аймактык тынчтык менен ырааттуулукка зыянын тийгизе турган кадам экендиги белгиленди.

Маалыматта Израиль тарабынан ташталган расмий болбогон бул кадамдардын Кудустун тарыхый жана мыйзамдуу статусунун өзгөртүлүшүнүн кабыл алынбай тургандыгына байланыштуу эл аралык коомдун эркине тескери экендиги баса белгиленип : «Израилдин бул кадамдары коркунучтуу жана четке кагабыз»,- деп айтылды.



Тектеш кабарлар