Президент Эрдоган Францияда

Эрдоган кесиптеши менен жолукту

882687
Президент Эрдоган Францияда

Президент Режеп Тайип Эрдоган бир күндүк сапар менен барган Францияда кесиптеши Макрон менен биргелеше маалымат жыйын өткөрдү.

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркиянын Европа Биримдигине мүчөлүк процессинде Биримдиктин ар дайым азгыруу тактикасын жүргүзгөнүн жана бул процесстин Түрк өкмөтүн жана калкын олуттуу түрдө чаалыктарганын белгилеп кетти.

Эрдоган, Франция, Түркия, Италия үчтүгүнүн улуттук коргонуу ракеталарынын өнүктүрүлүшү темасында EUROSAM Консорциуму келишимине кол койгондорун айтты.

Түркия катары террор менен күрөшүү темасында ДЕАШ менен күрөшүүнү уланта тургандарын белгилеген Эрдоган, «Эми досторубузга кайрыламын, ушундай эле түрдө ПЙД/ЙПГ жикчил террор уюму ПККнын уландысы болуп саналат. Буларга каршы да ушундай эле күрөштү биз менен чогуу жүргүзүшү керек»,-деди.

Эрдоган: «Тилекке каршы айрым досторубуз бул темада дагы деле ЙПГны, ПЙДны өздөрүнө кошуп алып, ДЕАШ менен күрөшкөнүн ойлоп жатышат. Чындыгында ДЕАШка карата жаңы-жаңы пландоолор жасалып жатат жана аларга дагы башкача жашоо платформалары даярдалууда. Бул темада да менин оюмча сергек болуу, чалгындоо кызматтарыбыздын бири-бирилери менен болгон колдошууларын, маалымат агымын дагы өнүккөн деңгээлге жеткиришибиз керек»,-деп айтты.

Фетуллахчы террор уюму (ФЕТӨ) жана ПКК темасында Францияны эскерткен Эрдоган: «Францияда ФЕТӨнүн мүчөлөрүнө каршы сезимталдык абдан маанилүү. Бул жерлерде коомдору, фонддору, ишканалары менен кадымкидей тамыр жайып баратат. ПКК да ошондой эле тамыр жайууда. Мындайча айтканда бул жердеги сезимталдык эгерде көз жаздымда калтырылса эртеңки күнү мунун кыйынчылыктары башкача болот»,-деди.

Эрдоган, Кудустун статусу темасында алдыбыздагы мезгилде таштала турган кадамдарда Франция менен жакын байланышта боло тургандарын айтты.

Сирия темасына да токтолгон Эрдоган, качкындарга жардамдарды уланта тургандарын айтып, «Биздин чечүүчү жолубуз Асадсыз жана Сирия калкынын демократиялык эрки менен шайлоону ишке ашыруусу»,-деди.

Эрдоган, АКШнын Сирияда террор уюму ПКК/ПЙДга жиберген куралдардын Батыш дүйнөсүндө суракка алынбоосун жатыркаганын белгилеп кетти.

Макрон дагы сөзүндө, Палестина маселесинде эки мамлекеттүү чечүүчү жол болушу керектигин, Сирияда болсо ДЕАШтан кийин тынчтык жана ырааттуулуктун камсыздалышы керектигин белгилеп, Сирияда жол картасын түзүү темасында Түркия менен бирге иштешүүнү каалагандарын айтты.


Этикеткалар: #Франциянын , #Эрдоган

Тектеш кабарлар