Президент Р. Т. Эрдоган АКШ менен Израилди Кудус тууралуу эскертти

Эрдоган : «Америка жана Израиль өкмөттөрүн араздашууларды  күчтөндүрө турган жаңы кадамдардан алыс турууга чакырам»,- деди.

878646
Президент Р. Т. Эрдоган АКШ менен Израилди Кудус тууралуу эскертти

 

АКШнын Чикаго шаарында улантылып жаткан  Мусулман Америка Жамааты менен Түндүк Америка Ислам Жамаатынын 16 - конгрессине билдирүү жөнөткөн Эрдоган : «Америка жана Израиль өкмөттөрүн араздашууларды  күчтөндүрө турган жаңы кадамдардан алыс турууга чакырам»,- деди.

АКШнын президенти Дональд Трамптын Иерусалимди Израилдин борбор шаары катары таануу чечимине каршы БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 14 мүчөсү менен бирге Жалпы Кеңеште 128 өлкөнүн Түркия жол башчылык кылган бир чечимди колдогондугун эске салган Эрдоган : «Кудус маселесинде жетишкен жеңиш биздин тилектештик ичинде кыймыл кылганыбызда эмнелерди аткара аларыбызды ортого салды»,- деген көз карашты билдирди. Бул ийгиликти «укук, адилеттик жана эркиндик күрөшүндө  бир бурулуш жери» катары мүнөздөгөн Эрдоган : «Бул жеңиш биримдиктин жеңиши. Бул жеңиш ошол эле учурда акчага сатып алына албай турган баалуу экендигин  бүткүл дүйнөгө көрсөттү»,- деди.

Эрдоган : «Америка жана Израиль өкмөттөрүн араздашууну дагы да күчтөндүрө турган жаңы кадамдардан өзгөчө качууга чакырам. Кудус биз үчүн кызыкчылык үчүн курмандыкка чалынбай турганчалык ыйык шаар. Кудус бардык мусулмандардын кызыл сызыгы»,- деди.

Ислам Кызматташтык Уюмунун кезектешкен башкаруучусу катары Түркиянын Кудус тууралуу күрөшүн улантарын айткан Эрдоган бул маселенин мусулмандар үчүн бир ойгонуу себеби болушун каалады.



Тектеш кабарлар