Түрк куралдуу күчтөрү Ирактын түндүгүнө операция жүргүздү

Операцияда 11 куралчан террорист жок кылынды

877169
Түрк куралдуу күчтөрү Ирактын түндүгүнө операция жүргүздү

Түрк куралдуу күчтөрү тарабынан Ирактын түндүгүндөгү Авашин-Басян аймагы менен Эрзинжандын Рефахие элет жерине кечээ абадан жүргүзүлгөн операцияда 11 куралчан террорист жок кылынды.

Башкы штаб төрагалыгынын жазуу түрүндөгү маалыматына караганда Ирактын түндүгү жана өлкө ичинде жикчил террор уюмуна таандык буталардын бомбаланышы улантылды.

Ушул алкакта чабуул жана байкоо аппараттары менен операция жүргүзгөн Түрк куралдуу күчтөрү, чек ара тилкесиндеги коопсуздук сактоочу жай жана база аймактарына кол салуу даярдыгын кылып жаткандары белгиленген жикчил террор уюмуна мүчөлөргө карай кечээ абадан жүргүзүлгөн операцияда; Ирактын түндүгүндөгү Авашин-Басян аймагында 6 жана Эрзинжандын Рехафие районунун элет жеринде 5 болуп бардыгы 11 террористти жок кылды.

Абадан жүргүзүлгөн операцияда жикчил террор уюмунун мүчөлөрү колдонгону белгиленген үңкүр, баш калкалоочу жай жана жашырынган жерлери талкаланганы, операцияга катышкан реактивдердин коопсуз түрдө базаларына кайтып келишкендери белгиленди.



Тектеш кабарлар