Түркия-Судан биргелешкен ишкерлер кеңеши

Түркиялык жана судандык ишкерлер макулдашышты

875903
Түркия-Судан биргелешкен ишкерлер кеңеши

Түркия менен судандык ишкерлер, эки өлкөнүн ортосунда «Биргелешкен ишкерлер кеңешинин» түзүлүүсү боюнча макулдашышты.

Судандын Жумуш берүүчүлөр бирикмесинин жетекчиси Суд аль-Берир, президент Режеп Тайип Эрдогандын сапарынын алкагында борбор шаар Хартумда өткөрүлгөн Судан-Түрк ишкерлери форумундагы сөз сүйлөөсүндө: «Түркия, эки өлкөгө тең пайдалуу боло тургандай түрдө комплекстүү мамилелерди куруу жагынан тандала турчу өзгөчөлүктөргө эгедер»,-деди.

Берир, эки өлкөнүн ортосунда Биргелешкен ишкерлер кеңешинин түзүлүүсү үчүн Судан менен түрк ишкерлеринин макулдашкандарын айтты.

Президент Эрдогандын Түркиядагы менчик секторлорго колдоо көрсөткөнүн жана ушундан улам өлкөдөгү кеңири экономикалык өнүгүүгө лидерлик кылганын айткан Берир: «Президент Эрдоган, тарыхтын багытын өзгөртүп Түркияны дүйнөдөгү саясий жана экономикалык жашоого кайра алып келди. Түркияны жеткирген экономикалык көрсөткүчтөрдү ашып өтүү болсо мүмкүн эмес»,-деди.



Тектеш кабарлар