Президент Эрдоган БУУда чыккан чечимге ыраазычылык билдирди

Эрдоган Кеңейтилген облустук башкаруучулар жыйынында Кудус тууралуу токтолду

873987
Президент Эрдоган БУУда чыккан чечимге ыраазычылык билдирди

Президент Р. Т. Эрдоган дүйнөнүн бештен чоң экендигин дагы бир жолу эске салып : «Дүйнө бирден да чоң, 196 эсе чоң»,- деди.

Президент,  Адилеттик жана өнүгүү партиясынын лидери Р. Т. Эрдоган партиясынын борборунда Кеңейтилген облустук башкаруучулар жыйынында сүйлөгөн сөзүндө БУУнун Жалпы Кеңешинин Кудус долбоорун көпчүлүк менен кабыл алгандыгына токтолду.

Эрдоган : «Бул жерден дагы бир жолу эскертебиз, дүйнө бештен чоң. 196 эсе чоң. Американын маселе тууралуу жалпы кеңештеги сүйлөшүүдөн мурда көрсөткөн мамилеси да адамзатта терең жараларды пайда кылды. «Учактарым бар, бомбаларым бар»,-  булар силерге эч күч алып келбейт. Жаныңарда бир гана Израиль жана ушуга окшогон 5 – 6 өлкө болот, бирок маңдайыңарда  128 өлкөнүн тик турганын көрөсүңөр. Эч бир өлкөнүн мыйзамсыздык жана адилетсиздиктин үлгүсү болгон мындай абалдарда финансылык жана саясий күчүнө ишенип бүткүл дүйнөнү коркутууга укугу жок»,- деди.

АКШнын каршы добуш беребөө үчүн өлкөлөрдү коркуткандыгын эске салган Эрдоган : «Биз долларларды беребиз ушуга карабастан бизге каршы чыгышат»,- деди. Адамдардын, мамлекеттердин демократиялык эрки качантан бери акчалар менен сатып алына баштады. Демократия эркин сатып алган бир аң  - сезим, бир саясат, бир режим эмес экендиги билиниши керек. Эгерде ушундай мамиле кылгандар бар болсо алар да сабак алышы керек»,- деди.

БУУнун Жалпы Кеңешинин коркутууларга карабастан 9 каршы добушка 128 кабыл добуш менен Кудус тууралуу чечимди кабыл алгандагын белгилеген президент кабыл добушун берген бардык мамлекеттерди куттуктады.

АКШнын Кудус тууралуу таштаган кадамынын мыйзамдуу эмес экендиги БУУ тарабынан да ортого салынгандыгын белгилеген Эрдоган : «АКШ башын мыжыгып бул абал тууралуу ойлонорун каалар элем»,- деди.



Тектеш кабарлар