Бул токтом жаңылыштыктан кайтуу үчүн мүмкүнчүлүк болот

Түркия бул маселеге аягына чейин көз салат

873922
Бул токтом жаңылыштыктан кайтуу үчүн мүмкүнчүлүк болот

Премьер-министр Бинали Йылдырым, БУУнун Кудус токтомунун АКШга ачык билдирүү болгонун айтты.

Борбор шаар Анкарада журналисттерге күн тартипке байланыштуу маалымат берген Йылдырым, БУУнун АКШга каршы чыккан Кудус токтомуна токтолду.

Премьер-министр: «БУУнун токтомдоруна туура келбеген бул токтомго мүчө өлкөлөрдүн көпчүлүгү каршы чыгышты. Бул АКШга ачык билдирүү болуп саналат. «Мен кылдым болду» түшүнүгүнүн дүйнөдө жарактуу эмес экенин, күчтүү болгондун акылуу эмес, акылуу болгондун күчтүү болушу керек болгон ааламдык чындыкты дагы бир жолу Башкы Ассамблеяда тастыктады»,-деп айтты.

«АКШ башкаруучулугу бул токтомду туура окуп, жаңылыш чыгарган бул чечиминен дароо баш тартат  деп ойлоймун»,- деп айткан Йылдырым темага байланыштуу сөздөрүн мындай улады: «Израиль менен Палестинанын ортосунда жарым кылымга созулган келишпестик чоң кайгыларга себепчи болду. Мунун уланбашы керек. Террордук уюмдарга каршы күрөш уланып жатканда жаңы маселелердин жаралышы чоң апааттын башталгычы болот. Бул токтом жаңылыштыктан кайтуу үчүн мүмкүнчүлүк болот»,-деди.

Түркиянын эң баштан бери президенттин жетекчилигинде бул темада активдүү жана алдыңкы роль милдеттенгенин белгилеген Йылдырым, Түркиянын бул маселеге аягына чейин көз сала турганын баса белгиледи.

Йылдырым: «Биздин каалаганыбыз акылуунун жанында орун алуу. Күчтүү болгондун жанында орун алуу биздин салтыбызда да укуктук түшүнүгүбүздө да жок»,-деди.



Тектеш кабарлар