Түркия Йемендин Сауд Арабияга кол салуусун айыптады

Сауд Арабияга баллистикалык ракета атылды

871932
Түркия Йемендин Сауд Арабияга кол салуусун айыптады

Түркия Йемендеги хуcилердин Сауд Арабиянын борбор шаары Риядга карай кечээки баллистикалык ракета кол салуусун айыптады.

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Йемендеги хусилердин Сауд Арабияга жаңы кол салуу жасагандары белгиленди.

Билдирүүдө: «Аты аталган кол салууну катуу айыптайбыз, кол салуунун сауд абадан коргонуу системалары тарабынан таасирсиз кылынышынын негизинде дос жана боордош Сауд Арабияда кандайдыр бир жабыркагандардын катталбашына кубандык»,-деген сөздөр орун алды.

Сауд Арабиянын борбор шаары Риядда Йеменден атылган баллистикалык ракета шаардын асманында абадан коргонуу системалары тарабынан таасирсиз кылынган.



Тектеш кабарлар