Президент Р. Т. Эрдоган Жибути президенти Исмаил Гуеллех менен пресс жыйын өткөрдү

Эрдоган 1977 – жылы көз карандысыздыгына жетишкен Жибутинин бул жылы көз карандысыздыгынын 40 – жылын белгилегендигин эске салды.

872385
Президент Р. Т. Эрдоган Жибути президенти Исмаил Гуеллех  менен пресс жыйын өткөрдү

Президент Р. Т. Эрдоган БУУнун Коопсуздук Кеңешине сунушталган Кудус долбоорун эми Жалпы Кеңешке алып барышарын айтты. Эрдоган расмий сапар менен Анкарага келген Жибути президенти Исмаил Гуеллех менен жекеме – жеке жана делегациялар аралык жолугушуулардан кийин президенттик комплексте биргелешкен пресс жыйын өткөрдү.

Гуеллех жана коштоосундагы делегация мүчөлөрүн Түркияда конок кылуудан ыраазы экенин билдирген Эрдоган 1977 – жылы көз карандысыздыгына жетишкен Жибутинин бул жылы көз карандысыздыгынын 40 – жылын белгилегендигин эске салды. Эрдоган : «Урматтуу президенттин сапарынын негизинде бардык Жибути калкын куттуктайм,- деди. Ошондой эле президент Гуеллехтин ар дайым Түркиянын жанында экендигин айткан Эрдоган : «15 – июлдагы козголоңдон кийин дароо колдоосун билдирди. Жибути Фетуллахчы террордук уюмга каршы керектүү чараларды көргөн досторубуздан. Башта урматтуу президент болуу менен бардык Жибути мекемелерине кайрадан өз атымдан жана калкымын атынан рахмат айтам»,- деди.

Стамбулда өткөрүлгөн Ислам Кызматташтык Уюмунун кезектеги лидерлер саммитине Жибутинин да министрлер деңгээлинде катышкандыгын эске салган Эрдоган : «Кудуска ээ чыккандары үчүн өзүнчө рахмат айтам»,- деди.

Президент Эрдоган Стамбулда бардык тарабы менен ийгиликтүү саммит өткөндүгүн баса белгилепсөзүн төмөнкүчө улантты : «Кудустун ыйыктыгынын жана тарыхый статусунун сакталышында орчундуу чечимдерди чыгардык. Кудустун тарыхый статусун өзгөртө турган бул коркунучтуу кыймылды алдына алуу максатында БУУнун Коопсуздук Кеңешине сунушталган чечим долбоору тилекке каршы АКШнын ветосуна туш болду. Чечим долбоорун башка 14 өлкөнүн баары тарабынан колдоого алынышы маанилүү. Буйруса бул долбоорду БУУнун Жалпы Кеңешине алып барабыз. Эл аралык коомчулуктун Жалпы Кеңеште адилеттикти жана тынчтыкты жактаган кыймыл көрсөтөрүнө ишенем. Бул жерде дагы бир жолу БУУнун мүчөсү бардык өлкөлөрдү Кудустун тарыхый статусуна ээ чыгууга чакырам. Түркия катары бул маселени акырына чейин иликтөөнү улантабыз».



Тектеш кабарлар