Андрей Карлов кол салуусу тууралуу бир киши камоого алынды

ФЕТӨ менен байланышынан улам кызматынан алынган мурунку полиция Рамазан Йүжел кезектеги сот тарабынан камоого алынды.

869063
Андрей Карлов кол салуусу тууралуу бир киши камоого алынды

Орусиянын Анкарадагы элчиси Андрей Карлов кол салуусунда бир киши тууралуу камоо чечими чыгарылды. Фетуллахчы террордук уюм ФЕТӨ менен байланышынан улам кызматынан алынган мурунку полиция Рамазан Йүжел кезектеги сот тарабынан камоого алынды.

Республика прокуроруна түшүндүрмө берген шектүү Йүжел «атайын адам өлтүрүүгө катышуу» кылмышы менен сот алдына чыгарылды жана камоого алууга чечим чыгарылды. Абакка жиберилген Йүжелдин элчиге кол салган Мевлют Мерт Алтынташ менен полициялык окуу жайын бир убакта бүтүргөндүгү ортого чыкты. Йүжелдин окуя болгон күнү Алтынташ менен бат бат телефон аркылуу сүйлөшкөндүгү да белгиленди.

Орусиянын Анкара элчиси Карлов 19 -  декабрда Анкарадагы бир көргөзмөдө учураган куралдуу кол салууда каза болгон болчу. Кол салуу тууралуу араларында медиа башкаруучулары жана экөөсү полиция болгон төрт киши камоого алынган.



Тектеш кабарлар