Йылдырым Фатума менен жолукту

Жолугушуу Долмабахчедеги Премьер-министрликтин кеңсесинде өткөрүлдү

867189
Йылдырым Фатума менен жолукту

Премьер-министр Бинали Йылдырым Ислам Кызматташтык Уюмунун кезексиз саммитине катышуу үчүн Түркияга келген Гамбиянын вице-президенти Ая Фатума менен жолукту.

Долмабахчедеги Премьер-министрликтин кеңсесинде өткөрүлгөн жолугушууда, Кудустун статусу жана Ислам Кызматташтык Уюмунун кезексиз саммити менен өз ара мамилелер каралды.

Жолугушууда айрыкча Түркиянын Гамбиянын өнүгүүсүнө болгон колдоосун уланта турганы жана экономикалык карым-катнаштардын тийиштүү деңгээлге жеткирилишинин кааланганы белгиленди.

Конок вице-президент Фатуманын да Түркиянын Кудус темасындагы кадамы орундуу экенин белгилеп, Түркиянын Гамбиянын өнүгүүсүнө болгон колдоосунан улам ыраазычылык билдиргени маалымдалды.



Тектеш кабарлар