FBIдын Түркиядагы ыйгарым укуктуу кызматкери Коопсуздук башкы директорлугуна чакыртылды
FBIдын Түркиядагы ыйгарым укуктуу кызматкери Коопсуздук башкы директорлугуна чакыртылды
867899
АКШнын Федералдык териштирүү кеңсесинин (FBI) Түркиядагы ыйгарым укуктуу кызматкери Коопсуздук башкы директорлугуна чакыртылды.
FBI кызматкеринин Коопсуздук башкы директорлугуна чакыртылышына себеп катары АКШда уланган бир доодо күбө болгон Фетуллахчы террор уюмунун (ФЕТӨ) качкыны, мурдагы коопсуздук мүчөсү Хүсейин Коркмаздын айтымдары көрсөтүлдү.
Качкын Коркмаз, FBIдын өзүнө 50 миң доллар бергенин жана АКШда жашаган үйүнүн ижарасын прокуратура төлөгөнүн айткан.