Бул тарыхый саммит менен дагы бир жолу Кудустун ээсиз эместигин көрсөттүк

Президент Режеп Таййип Эрдоган,Стамбулдагы ИКУнун кезексиз Саммитинен кийин Палестинанын мамлекет башчысы Махмуд Аббас жана ИКУнун башкы катчысы Юсуф бин Ахмед Эл Усеймин менен биргелеше маалымат жыйын өткөрдү.

867845
Бул тарыхый саммит менен дагы бир жолу Кудустун ээсиз эместигин көрсөттүк

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Кудустун кокустук эместигин бүткүл дүйнөгө көрсөткөндөрүн айтты.

Эрдоган, Стамбулдагы ИКУнун кезексиз Саммитинен кийин Палестинанын мамлекет башчысы Махмуд Аббас жана ИКУнун башкы катчысы Юсуф бин Ахмед Эл Усеймин менен биргелеше маалымат жыйын өткөрдү.

Эрдоган, бул жердеги сөз сүйлөөсүндө, «Бул тарыхый саммит менен дагы бир жолу Кудустун ээсиз эместигин токтомдун ээлери баш болгон бүткүл дүйнөгө көрсөткөнүбүзгө ишенүүдөмүн»,-деди.

Эрдоган: «Кудусту Израилдин борбор шаары деп тааныган АКШнын эми Израиль-Палестинанын ортосунда арачылык кылуу деген бир нерсеси боло албайт. Бул процесс эми бүттү»,-деп айтты.

«ИКУнун мамлекет жана өкмөт башчылары катары бул жердеги бул чечкиндүү турушубузду улантышыбыз керек»,-деп айткан Эрдоган: «Бул темадагы чечкиндүүлүгүбүздү «Кудус биздин кызыл чийинбиз болуп саналат» деп жарыяладык. АКШ бийлиги бардык каршы чыгууларыбызга, эскертүүлөрүбүзгө карабастан Кудус боюнча укук тышында, акылга сыйбаган, ахлакка жатпаган билдирүүсүн жасады. Бул токтомдун керек болсо абийир, керек болсо укук жана дагы керек болсо тарых алдында эч бир күчү жок экенин алгачкы күндөн бери белгилеп келдик. Башкача айтканда АКШнын президенти Дональд Трамп жарыялаган бул токтомдун биздин жактан эч кандай баасы жок»,-деп айтты.

Президент Эрдоган: «ИКУнун бүгүнкү саммити Америка бийлигинин провокациялык кадамынын опурталдуулугун көрсөтүү жагынан тарыхый билдирүү болуп саналат»,-деди.

Эрдоган, сөзүндө Изриаль терроруна каршы туруштук берген, аял, бала, кары-жаш дебестен бардык палестиналыктарга саламын жолдоду.



Тектеш кабарлар