Борбор шаары Чыгыш Кудус болгон эгемендүү Палестина мамлекети курулганга дейре күрөшүү бүтпөйт

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Анкара соода палатасынын Congresium көргөзмө борборунда уюштурулган Дүйнөлүк адам укуктары күнү программасында сөз сүйлөдү.

865910
Борбор шаары Чыгыш Кудус болгон эгемендүү Палестина мамлекети курулганга дейре күрөшүү бүтпөйт

Президент Режеп Таййип Эрдоган, «Бүгүнкү күндө өздөрүн Кудустун ээси деп ойлогондор, эртең аркасына жашына турган бак дагы таба албай тургандарын билиши керек»,-деди.

Эрдоган, Анкара соода палатасынын Congresium көргөзмө борборунда уюштурулган Дүйнөлүк адам укуктары күнү программасында сөз сүйлөдү.

Президент Эрдоган: «АКШ, президент Дональд Трамп Кудусту (Иерусалим) «Израилдин борбор шаары» деп таанышы менен төгүлгөн канга ортоктош болду. Биз бул токтомду тааныбайбыз. Трамптын билдирүүсү бизди баш ийдирбейт, Кудусту да баш ийдирбейт»,-деди.

Президент 1967-жылдагы чек аралардын ичинде борбор шаары Чыгыш Кудус болгон эгемендүү жана көз карандысыз Палестина мамлекети курулганга дейре күрөшүүнүн бүтпөй турганын айтты.

Кудуста болуп жаткан вандализмдин,зулумдуктун, оройлуктун түбөлүккө дейре уланышынын мүмкүн болбой турганын баса белгилеген Эрдоган: «Экинчи Дүйнөлүк согуштан бери Палестина, өзгөчө Кудус, ушунчалык чоң кайгыларга дуушар болуп жүрөктөрдөн жалаң ушундай сыздоолор жаңырып келет. Көк асмандарга кеткен көгүчкөндөр ар дайым таза кайтышат. Ал эми Кудусту мусулмандарга жана башка диндердин мүчөлөрүнө зындан кылгандар колдоруна жуккан канды эч качан тазалай алышпайт»,-деп айтты.

Эрдоган сөзүндө экономикадагы оң өнүгүүгө да токтолду.

Президент Түркияны начар деп көрсөтүш үчүн аракет кылган ички жана тышкы карасанатай борборлорго экономикадагы өсүү (үстүбүздөгү жылдын үчүнчү чейрегинде 11,1 пайыз) сандары менен эң сонун жоопту бергенин белгилеп, «Түркия өзүнө ишенген, ынанган, инвестиция салган эч кимдин көңүлүн калтырган жок, калтырбайт дагы»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар