Израиль баскынчы жана террор мамлекети болуп саналат

Президент Режеп Таййип Эрдоган,Партиясынын Сивастагы 6-кезектеги курултайында жана Сивастагы тобу менен ачылыш аземинде сөз сүйлөдү.

865258
Израиль баскынчы жана террор мамлекети болуп саналат

Президент Режеп Таййип Эрдоган, АКШнын президенти Дональд Трамптын Иерусалимди Израилдин борбор шаары деп кабыл алуу жана элчилигин Иерусалимге көчүрүү токтомуна каршылыгын көрсөттү.

Партиясынын Сивастагы 6-кезектеги курултайында сөз сүйлөгөн Эрдоган, Израилдин террор мамлекети экенин, Трамптын токтомунун да жокко эсе экенин айтты.

Президент Эрдоган: «Жалган өнүккөн демократиянын бешиги делген өлкөлөрдө тилекке каршы эң негизги укук жана эркиндиктер эч текшерүүсүз тебеленип жатат. Бизден бул картинага үн катпай калышыбызды талап кылышууда. Сарайыбыздан чыкпай, адилетсиздикке моюн сунушубузду, балдардын кандарынын үстүнө курган зулумдук тартибине макул болушубузду күтүшүүдө. Бизден баалуулуктарыбызды аяктарыбыздын астында тебелеп багынып берүү жолун тандашыбызды талап кылышууда. Туугандарым, мусулман, ал эмес мусулман түрк болсо эр жүрөк адам болуп саналат, бул ушундай билинсин»,-деп айтты.

Президент Режеп Таййип Эрдоган сөзүндө, Түркиянын Ислам Кызматташтык Уюмунун кезектеги төрагасы катары шаршемби күнү Стамбулда өткөрө турган кезексиз Ислам Саммитине токтолуп, «Бул жерде белгилей турган жол картасы менен бул чечимдин ишке ашырылышынын анчалык жеңил болбой турганын көрсөтөбүз»,-деди.

Президент Сивастагы тобу менен ачылыш аземинде сүйлөгөн сөзүндө да 1947-жылдан тарта Палестинанын жалаң басып алууга учураганын белгилеп, «Израиль баскынчы мамлекет, Израиль террор мамлекети болуп саналат. Эй Трамп сен түшкөн бул жаңылыштыкка биз түшпөйбүз»,-деди.

Эрдоган: «1980-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун коопсуздук кеңеши чыгарган 478 номердүү токтом жана астында АКШнын колу коюлган документке караганда, Израилдин Иерусалимди борбор шаар деп жарыялоо токтому жараксыз болот. Трамп, сен 1980-жылы чыгарылган 478 номердүү токтомду өзүң жалгыз кантип жок деп эсептеп жатасың? Сенин ошондой ыйгарым укугуң барбы?»-деп айтты.



Тектеш кабарлар