Ички иштер министри бүгүн Иранда

Ички иштер министри Сүлейман Сойлу Ирандын ички иштер министри Абдуррыза Рахмани Фазлы менен жолугушуу үчүн бүгүн Иранга барды.

864644
Ички иштер министри бүгүн Иранда

Ичики иштер министри Сүлейман Сойлу Ирандын ички иштер министри Абдуррыза Рахмани Фазлы менен жолугушуу үчүн Ирандын борбор шаары Тегеранга барды. Сойлу жана коштоосундагы делегацияны Михрабад аэропортунда Ирандын ички иштер министринин орун басары Хүсейин Зулфикари, коопсуздук боюнча директор Менсур Исавенд жана Түркиянын Тегеран элчиси Рыза Хакан Текин тосуп алды. Министр Сойлуну Тегеран сапарында Коопсуздук боюнча башкы директору Селами Алтынок менен жандармериянын башкы командири армиянын генералы Ариф Четин да коштоодо. Сойлунун ирандык кесиптеши Рахмани Фазлы менен сүйлөшө турган сапарында чек аранын коопсуздугу, кызматташтык, террор менен күрөш тууралуу темалардын каралары билдирилди.



Тектеш кабарлар