Эрдоган:«Келечекти дагы бекем пайдубалга курушубуз керек»

Президент Режеп Тайип Эрдоган,Афина сапарында Грециянын премьер-министри Алексис Ципрас менен Премьер-министрлик имаратында жолукту.

863508
Эрдоган:«Келечекти дагы бекем пайдубалга курушубуз керек»

Президент Режеп Тайип Эрдоган, Түркия жана Греция катары эки тараптуу карым-катнаштарга оң өңүттөн кароолору керектигин айтты.

Эрдоган, Афина сапарында Грециянын премьер-министри Алексис Ципрас менен Премьер-министрлик имаратында жолукту.

Сөзүндө, «Келечекти дагы бекем пайдубалга курушубуз керек»,-деп айткан Эрдоган, эки өлкөнүн чогуу кыла турган көп нерсеси бар экенин баса белгиледи.

Эрдоган: «Кесенин бош тарабын бир жакка таштап толтура жагына багытталышыбыз керек. Сүйлөшүүлөрүбүздү ошонун үстүнө куралы. Чындыгында элдерибиздин бир топ орток жактары бар. Идеологиялык азгырыкка кирип кеткендерди четке кагалы. Биздин Түркия катары эч бир коңшу өлкөнүн жеринин бүтүндүгү жаатында кандайдыр бир жаман оюубуз жок».

Эрдоган: «Биз өткөндө чогуу аралаша жашаган өлкөлөрбүз. Бул жерде (Грецияда) тектештерибиз бар, бизде да тектештериңер бар. Аттиң өтмүштөгү айрым жаңылыштыктар болгонунун себебинен кээ бир рум атуулдарыбыз да өлкөбүздөн кетишпесе болмок. Жаңылшытыктарды эми тарыхка калтырабыз. Келечекти дагы бекем пайдубалга курушубуз керек. Бул үчүн жасай ала турган көп нерсебиз бар. Эгерде чындап эле сүйлөм бримдигин кура алсак, орток аң-сезим түзө алсак, буларды чечебиз»,-деп айтты.

Эрдоган Греция калкына өзү жана түрк калкынын атынан ырахматын айтты.

Эрдоган менен Ципрастын маалымдоолорунан кийин жолугушуу жабык эшик артында уланды.



Тектеш кабарлар