Түркия ЕБ менен визасыз режимди камсыздоого бел байлады..

Түркиянын таштай турган кадамдары тийиштүү төрт министрдин ортосунда өткөрүлгөн жыйналышта белгиленди.

860364
Түркия ЕБ менен визасыз режимди камсыздоого бел байлады..

Түркия, Европа Биримдиги менен визасыз режимди камсыздоо үчүн процессти ылдамдатуу чечимин чыгарды.

Визасыз режим үчүн орундатылышы керек болгон акыркы 7 критерийди толуктоо темасында таштала турган кадамдар белгиленди.

Түркиянын таштай турган кадамдары тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, ЕБ боюнча министр жана башкы сүйлөшүүчү Өмер Челик, адилет министри Абдүлхамит Гүл жана ички иштер министри Сүлейман Сойлунун ортосунда өткөрүлгөн жыйналышта белгиленди.

Министрлер, Европа Биримдигине сунуштала турган позиция документи туурасында бирдей пикирге жетишишти.

Аты аталган позиция документи, президент Режеп Таййип Эрдогандын бекитүүсүнө сунушталат.

Эң татаал критерий террор менен күрөшүү тууралуу мыйзамдарга өзгөртүү киргизилиши болду...

Башка бир критерий болсо биометрикалык паспорт менен ЕБ полициялык уюму Европол менен опциялык кызматташтык келишиминин түзүлүшү орун алды.

4 министр белгилеген жол картасын президент Эрдоган бекитсе, тышкы иштер министри Чавушоглу позиция документин 12-декабрда ЕБнин тышкы иштер министрлеринин жыйналышына сунуштайт.



Тектеш кабарлар