Израилдин борбор шаары Тель Авивде түрк күнү иш чарасы өткөрүлдү

Иш чарага Жер Ортолук деңиз экспортчулар биримдигинин төрагасы Али Жан Яманйылмаз жана көп сандаган израилдик катышты.

856769
Израилдин борбор шаары Тель Авивде түрк күнү иш чарасы өткөрүлдү

 

Осмондуктун мурасы болгон Хижаз темир жолунун Яфа станциясында өткөрүлгөн иш чарага экономика министрлигинин кеңешчиси Ибрахим Шенел, Түркиянын Тель Авив элчиси Кемал Өкем, Жер Ортолук деңиз экспортчулар биримдигинин төрагасы Али Жан Яманйылмаз жана көп сандаган израилдик катышты.

Израилде биринчи жолу өткөрүлгөн түрк күнүндө Антакия цивилизациялар хору  концерт берди. Хор ибраниче, арапча жана түркчө чыгармаларды аткарды.

Түрк фольклордук тобунун да түрдүү аймактардан бийлерди аткарган иш чарада Түркиядан барган 16 азык  - түлүк фирмасы тарабынан ачылган стенддерде түрк тамактары тартууланды.

Жер Ортолук деңиз экспортчулар биримдигинин төрагасы Али Жан Яманйылмаз : «Түрк азык  - түлүк продукциялары иш чаралары абдан чоң кызыгуу көрдү. Бул кызыгууну көргөндөн кийин муну түрдүү дүйнө борбор шаарларында да кайталоону ойлоп жатабыз»,- деди.

Израиль менен Түркиянын арасында соода көлөмүнүн өткөн жылы 4, 3 миллиард доллар болгондугун белгилеген Яманйылмаз мунун 3 миллиард долларын Түркиядан Израилге жасалган экспорттун түзгөндүгүн белгиледи. Яманйылдыз Израилдин Түркияга аймак катары жакын болушунун да азык  - түлүк экспорту үчүн абдан чоң мүмкүнчүлүк экендигин айтты.

Түрк күндөрү иш чарасы кечээ да Батыш Иерусалимде өткөрүлдү. Түрк азык  - түлүк фирмалары эртең баштала турган Израиль азык  - түлүк жарманкесинде орун алат.

 

 

 



Тектеш кабарлар