Эрдоган Грецияга барат
Бул сапар 65 жылдан кийинки президенттик деңгээлдеги сапар болот
856658
![Эрдоган Грецияга барат](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/b05f/1076/c243/5a1d1f54d61d6.jpg?time=1718855472)
Президент Режеп Тайип Эрдоган 7-8-декабрда Грецияга расмий сапар жасайт.
Вице-премьер Хакан Чавушоглу сапар тууралуу буга чейинки билдирүүсүндө, президент Эрдогандын 65 жылдан кийин Грецияга бара турган биринчи Түркия Республикасынын Президенти болоорун айткан.
Хакан Чавушоглу: «Урматтуу президентибиз 65 жылдан кийин биринчи жолу Түркия Республикасынын Президенти катары Грецияга барат. Бул сапардын абдан натыйжалуу болоорун ойлоп жатам»,-деген болчу.