Бүгүн Улуттук Коопсуздук Кеңешинин жыйналышы өтөт

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын, Улуттук Коопсуздук Кеңеши президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде бүгүн чогула туранын айтты.

856714
Бүгүн Улуттук Коопсуздук Кеңешинин жыйналышы өтөт

Улуттук Коопсуздук Кеңеши президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде бүгүн чогулат.

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын, АКШнын Коргоо министрлиги Пентагондун жикчил террор уюму ПККнын Сириядагы уландысы «ЙПГ да орун алган SDG менен кызматташтыкты улантабыз» деген билдирүүсүнө сереп салды.

Борбор шаар Анкарада маалымат берген Калын: «Бүгүн Улуттук Коопсуздук Кеңешинин жыйналышы болот. Бир аздан кийин президентибиздин фракциялык жыйналышы бар. Ошолордун баардыгын чогуу карап чыккандан кийин маалыматыбызды беребиз»,-деди.

Пентагондун жазуу түрүндөгү жарыясында террор уюму ДЕАШка каршы Ракка операциясы үчүн кызматташтык кылынган SDGны колдоонун улана турганы билдирилген.

Ройтерстин кабарына караганда Пентагон жарыясында айрыкча Пентагондун  SDG га көрсөтүлгөн аскердик колдоо туралуу айрым өзгөчөлүктөрдү карап чыкканы белгиленген.

Бир тараптан тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, АКШнын президенти Дональд Трамп жана президент Режеп Таййип Эрдогандын ортосунда болгон телефондогу сүйлөшүүдө, Трамптын «ЙПГга экинчи курал бербейбиз» деген убадасын бергенин айткан.

Жылдын акыркы Улуттук Коопсуздук Кеңешинин жыйналышында 2017-жылга жалпы баа берүү да жасалат.

Жыйналыштын негизги күн тартип берелеринен бири  болсо Сирия темасы болот.

Эң акырында Сочиде Түркия, Орусия жана Ирандын ортосунда болгон Үчтүк самммттте чыгарылган чечимдер, талкууланат.

Сириянын түндүгүндөгү жикчил террор уюму ПККнын Сириядагы уландысы ЙПГнын болушу жана ыктымалдуу Африн кыймылынын жыйналышта каралышы күтүлүүдө.

Улуттук Коопсуздук Кеңешинин жыйынында өлкө ичинде жана чек аранын тышында болуп жаткан терор менен күрөшүү операциялары да каралат.



Тектеш кабарлар