Түркия - Ирак 26 - КЕК жыйыны

Нихат Зейбекчи 26 -  КЕК жыйынынын жабылуу отурумунда сүйлөгөн сөзүндө эки өлкөнүн ортосунда маанилүү чечимдердин чыгарылгандыгын белгиледи.

855771
Түркия  - Ирак 26 -  КЕК жыйыны

Түркия  - Иран 26 -  биргелешкен экономикалык жыйыны КЕК экономикалык министри Нихат Зейбекчи жана Иран өнөр жай, кен байлыктар жана соода министри Мухаммед Шериатмедаринин кош төрагалыгында Ирандын борбор шаары Тегеранда өткөрүлдү.

Зейбекчи 26 -  КЕК жыйынынын жабылуу отурумунда сүйлөгөн сөзүндө эки өлкөнүн ортосунда маанилүү чечимдердин чыгарылгандыгын белгиледи.

Түркия жана Ирандын күчтүү экономикалык түзүлүшкө ээ экендигин белгилеген Зейбекчи эки өлкөнүн ортосунда түзүлө турган акыркы эркин соода келишиминин дүйнөгө үлгү болушу керектигин айтты. Экономика министри Зейбекчи Түркия жана Ирандын ортосунда жүздөгөн орток фирманын курулушунан үмүт кылышкандарын жана мунун эки бир тууган өлкөнүн арасында түзүлө турган жаңы соода түшүнүгү менен мүмкүн болушу экендигин баса белгиледи.

Тегеранда өткөрүлгөн 26 -  КЕК жыйынында эки өлкөнүн арасында техникалык кызмат жана инженердик тармактарында жылдык 10 миллиард доллар соода көлөмү максат кылынган бир келишимге кол коюлгандыгы белгиленүүдө.

 



Тектеш кабарлар