Лидерлер мугалимдерди куттукташты

Бүгүн 24-Ноябрь мугалимдер күнү ...

854390
Лидерлер мугалимдерди куттукташты

Президент Режеп Тайип Эрдоган Мугалимдер күнүнө карата билдирүүсүндө, мугалимдерин татыктуу баалай билбеген эч бир коомчулуктун келечегинин жок экенине көңүл бурду.

Президент Эрдоган билдирүүсүндө, мугалимдердин билим берүү системасынын негизги курулуш ташы жана келечектин архитекторлору экенин баса белгиледи.

Премьер-министр Бинали Йылдырым да жарыялаган билдирүүсүндө, мугалимдердин ахлактуу адам жана коомчулук, өнүккөн Түркия максаты боюнча эмгектенип жаткандарын айтты.

Йылдырым билдирүүсүндө: «Мугалимдерибиз ар түрдүү ой-пикирлерге урмат сый көрсөткөн, толук демократияны чын дилден колдогон муундарды жетилтип өлкөбүздүн өнүгүүсүндө жол башчы ролун ойношот»- деген сөздөргө орун берди.

Бир тараптан премьер-министри Йылдырым 81 областтан келген мугалимдерди Чанкая сарайында кабыл алды.

Кызматын баштаары менен билим берүүнү алдыңкы тармак катары белгилегендерин жана бул үчүн билим берүүнүн бюджетин биринчи орунга койгондорун айткан Йылдырым, 2003-жылы 11 миллиард лира болгон билим берүү бюджетинин 134 миллирд 727 миллион лирага жеткенин билдирди.  



Тектеш кабарлар