Түркия Тузхурматудагы кол салууну айыптады

Тузхурмату районунда бомба жүктөлгөн унаа менен жасалган кол салууда 23 киши каза болуп, 60 киши жараланды.

852316
Түркия Тузхурматудагы кол салууну айыптады

Ирактын Селахаддин аймагына караштуу Тузхурмату районунда бомба жүктөлгөн унаа менен жасалган кол салууда 23 киши каза болуп, 60 киши жараланды. Коопсуздук булактарынан алынган маалыматка ылайык бомба жүктөлгөн жүк ташуучу машина Тузхурмату районундагы Ел – Амкери районундагы базарда жардырылды.

Жаралуу санынын көп болушу менен жан жоготуунун артышы мүмкүн экендиги белгиленүүдө. Түркмөндөр көп жашаган Тузхурматудагы кол салууну азырынча моюнга алган болгон жок. Түркия Тузхурматуда бомба жүктөлгөн унаа менен жасалган кол салууну айыптады.

Тышкы иштер министрлиги тарабынан берилген маалыматта : «Бул кол салууну катуу айыптайбыз, дос жана бир тууган Ирак калкына көңүл айтып, жаралуулардын  бат айыгып кетишин каалайбыз»,- деп билдирилди.



Тектеш кабарлар