Президент Эрдоган Орусияга кетти

Жыйындын негизги күн тартип беренеси Сирия болот.

852842
Президент Эрдоган Орусияга кетти

Президент Р. Т. Эрдоган Орусиянын президенти В. Путиндин чакыруусу боюнча атайын учак ТУР менен саат 13:15те Орусиянын Сочи шаарына кетти. Президент Эрдоган менен жубайы Эмине Эрдоган, тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу, энергетика жана табигый ресурстар министри Берат Албайрак да Сочиге барды. Президент Эрдоган Санаториюм руста Ирандын президенти Хасан Рухани менен жолугушат.

Жыйындын негизги күн тартип беренеси Сирия болот.

Орусиянын Сочи шаарындагы лидерлер Сириядагы абалдар менен аймактагы акыркы абалдарды карап чыгышат.

Орусиянын президенти В. Путин жана Руханин катышуусу менен өткөрүлө турган үчтүк саммиттен кийин биргелешкен пресс  - жыйын өткөрүлөт. Президент Эрдоган, Путин жана Рухани андан кийин кечки тамакта жолугушат.

Президент Эрдоган акыркы бир жылда Путин менен алты жолу бетме  - бет жолугушкан болот.



Тектеш кабарлар