Дүйнөдөгү он мега долбоордон алтоону Түркия аткарууда (видео)

Премьер-министр Бинали Йылдырым, Антальянын Серик районунун Белек туризм борборунда Эл аралык электрондук-соода конференциясына катышып сөз сүйлөдү.

852348
Дүйнөдөгү он мега долбоордон алтоону Түркия аткарууда (видео)

Премьер-министр Бинали Йылдырым, интернет аркылуу кылынган кылмыштар тууралуу глобалдык келишим түзүлүшү керектигин айтты.

Бинали Йылдырым, Антальянын Серик районунун Белек туризм борборунда Эл аралык электрондук-соода конференциясына катышып сөз сүйлөдү.

Сөзүндө информатикада глобалдык маалымдуулук үчүн БУУнун конвенциялары сыяктуу бир катар конвенциялардын түзүлүшү керектигин белгилеген Йылдырым: «Европа Кеңеши Парламентинин ушундай нерсеси бар, бирок жетиштүү эмес. Дагы кеңири катышуучусу болгон, информатика жана кибердик кылмыштар менен күрөшүү жаатында глобалдык келишимге муктаждык бар. Андай болбосо өлкөлөрдүн ортосундагы кагылышуулардын, түшүнүшпөстүктөрдүн олуттуу түрдө өсүү ыктымалдуулугу бар»,-деди.

Интернет аркылуу кылынган кылмыштардын чыныгы дүйнөдө кылынган кылмыштардан дагы оор болгонуна шилтеме кылган Йылдырым, бул кылмыштардын белгилениши да өтө татаал болгонун, эл аралык аренадагы укуктук себептерден улам бузуулардын калыбына келтирилиши мүмкүн болбогонун белгилеп кетти.

Кибердик коопсуздуктун барган сайын маанилүү абалга келгенине көңүл бурган Йылдырым: «Бул тармакта жылышты камсыздаган өлкөлөр үчүн интернет ырыскы болуудан чыгып, коркунучка, жазага, чыгымга айланууда. Ушул жагынан алганда маалымдуу коомчулук максаттарыбызды аткарып жатканда бул жагдайга токтолушубуз зарыл»,-деди.

Йылдырым, ден-соолуктан соодага, коргонуудан билим берүүгө, финансыдан бардык тармактарга чейин ар түрдүү маалыматтын, бардык нерсенин электрондук чөйрөдө өткөрүлгөнүн айтты.

Акыркы 15 жылда Түркиядагы инфраструктуралык инвестициялар аркылуу байланыштын бардык тармагында олуттуу түрдө жылыш камсыздалганын белгилеген Йылдырым, учурда Түркияда кеңири тилкелүү интернет жайылтуусунун 60 пайыздан жогору болгонун белгилеп өттү.

Интернет аркылуу барган сайын дагы көп иш аткарылганын жана мобилдик электрондук-сооданын дүйнөдө башты айланткан ылдамдык менен кеңейтилгенин белгилеген Йылдырым: «Акыркы төрт жылда дүйнө жүзүнүн глобалдык соодадагы үлүшү төрт эсеге көбөйдү. Жылына 100 пайыздык өсүү менен уланууда. Бүгүнкү күндө өлкөбүздө мобилдик колдонуучу саны 70 миллиондон көп. Бул санга караганыбызда электрондук-соода секторунун да өлкөбүз үчүн абдан маанилүү тармак болгонун айтууга болот»,-деди.

Йылдырым, электрондук-сооданын абдан жайылганда глобалдык өсүүнүн 3 пайыздын астында болгонуна карабастан электрондук соодадагы өсүүнүн улам эселенип кеткенине көңүл бурду.

Йылдырым: «Алдыбыздагы процессте электрондук-сооданын демилгечилеринин таанылышын, аброюн арттыра турган улуттук жана эл аралык конкуренция күчүн өнүктүрө турган жаңы кадамдарды таштайбыз. Электрондук-соодада Республикабыздын 100-жылына кирип жатканда 2023-жыл максатыбыз 350 миллиард түрк лирасы болот. Бул максатка жетүүгө аракеттенебиз»,-деди.

Йылдырым, Түркиянын сатып алуу күчү паритетине караганда дүйнөнүн 13-чоң өлкөсү болгонун, дүйнөдөгү 10 мега долбоордун алтоону Түркиянын аткарганын маалымдады.



Тектеш кабарлар