Cиваста чет элдик 160 киши кармалды

Кармалган кишилердин Афганстан жана Пакистан тектүү качкындар экендиги билдирилди.

849046
Cиваста чет элдик 160 киши кармалды

Сивастын Сушехир районунда өлкөгө мыйзамсыз жолдор менен киргендиги белгиленген чет элдик 160 киши кармалды. Жандармерияга Сушехир районунун Бостанжык айылына жакын жол жээгинде көптөгөн кишинин бар экендиги тууралуу кабар билдирилди. Аймакка барган топтор ал жердеги кишилердин Афганстан жана Пакистан тектүү качкындар экендигин аныктады.

Жандармерия топтору жолго качкындарды таштап качкан жана айдоочусунун ким экендиги билинбеген жүргүнчү автобусун да райондун кире беришинде токтотту. Автобусту токтоткон топтор чет элдиктерди жандармерия командирлигине алып барды. Андан кийин качкындар Сивас миграция директорлугуна алып барылат.

 

 



Тектеш кабарлар