Эрдогандын Катардагы жолугушуулары башталды
Катардын Эмирлик кеңешине барган Эрдоган, Катардын эмири Шейх Тамим бин Хамад Эл-Сани тарабынан тосулду.
Президент Режеп Таййип Эрдоган, Орусия жана Кувейттен кийин сапарынын акыркы аялдамасы Катардагы жолугушууларын баштады.
Катардын Эмирлик кеңешине барган Эрдоган, Катардын эмири Шейх Тамим бин Хамад Эл-Сани тарабынан тосулду.
Эки лидер андан соң өз алдынча жолугушуу өткөрүүгө өтүштү.
Перс булуңу өлкөлөрүнүн арасындагы чыңалуу, эл аралык абалдар, аймактык темалар жана экономика баш болгон эки тараптуу карым-катнаштар күн татипте...
Эрдоган, Түркия-Катар жогорку стратегиялык комитетинин 3-жыйналышына, андан кийин келишимдерге кол коюу аземине катышат.
Катардын эмири Эл-Сани, президент Эрдогандын урматына түшкү сый тамагын берет.
Президент Эрдоганды 9 министр, башкы штаб төрагасы, армия генералы Хулуси Акар жана улуттук чалгындоо уюмунун башчысы Хакан Фидан да коштоп жүрөт.