Сербияда түрк лирасы чет элдик акчалардын арасына киргизилет

Сербиянын Борбордук банкы жергиликтүү валюта базарында сатылган чет элдик акчалардын арасына түрк лирасын да кошкондугун билдирди.

844832
Сербияда түрк лирасы чет элдик акчалардын арасына киргизилет

Сербиянын Борбордук банкы жергиликтүү валюта базарында сатылган чет элдик акчалардын арасына түрк лирасын да кошкондугун билдирди.

Маалыматта : «Түрк лирасы банктарда сатылган чет элдик акча бирдиктеринин арасында орун алат... Банктар аралык валюта базарында Борбордук банк тарабынан алуу жана сатуу аткарыла алат»,- деп билдирилди. Банк түрк лирасынын чет элдик акча бирдиги тизмесинде ТRY жана 949 деген коддор менен 1 -  декабрдан баштап сатыла баштай тургандыгын белгиледи.

Европа Биримдигине толук мүчөлүк үчүн талапкер болгон Түркия жана Сербия президент Р. Т. Эрдогандын бир канча убакыт мурда Белградга жасаган сапарында инвестиция жана соода сыяктуу тармактарда эки тараптуу карым – катнаштарды өнүктүрүүгө чечим чыгарышкан болчу. Эки өлкөнүн ортосундагы соода көлөмү азыр да 800 миллион долларга жакын.



Тектеш кабарлар