Өкмөт башчы Бинали Йылдырым бүгүн АКШга барат

Йылмаз менен Пенстин эртең өткөрүлүшү пландалган жолугушуусу бүгүнкүгө жылдырылды.

842211
Өкмөт башчы Бинали Йылдырым бүгүн АКШга барат

Премьер-министр Бинали Йылдырым, АКШга жасай турган сапарынын алкагында вице-президент Майк Пенс менен жолугат.

Йылмаз менен Пенстин эртең өткөрүлүшү пландалган жолугушуусу бүгүнкүгө жылдырылды.

Бул жылдыруунун Пенстин чиркөөгө болгон кол салууларды иликтөө үчүн Техаска бара турганынын себебинен жасалганы белгиленди.

Сапар убагында премьер-министр Йылдырымды вице-премьер Мехмет Шимшек, тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу менен энерегия жана жаратылыш ресурстары министри Берат Албайрак коштоп барат.

Өкмөт башчы Йылдырымдын айрыкча Вашингтон жана Нью-Йоркто даанышман адамдар, Түрк жана тектеш коомчулуктардын өкүлдөрү, мусулман жана жөөт коомдорунун өкүлдөрү, медиа кызматкерлери, инвестор жана иш дүйнөсүнөн маанилүү ысымдары менен жолугушуусу көздөлүүдө.



Тектеш кабарлар