Түркиянын жардамдары

Түркия гуманитардык жардамдар боюнча дүйнөдө экинчи орунда турат

841448
Түркиянын жардамдары

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Түркиянын гуманитардык жардамдарда дүйнөдө экинчи орунда турганын айтты.

Чавушоглу Антальяда өтүп жаткан Эл аралык Кызылай-Кызыл Крест коомдору федерациясынын Жалпы кеңешинин гала тамагында, Түркиянын 2016-жылдагы гуманитардык жардамдарынын көлөмү 6 миллиард долларга жеткенин белгилеп: «Өлкөбүзгө баш калкалаган 3 миллион 200 миң сириялыкка эч ким жардам көрсөтпөсө да биз аларга жардам беребиз»,-деди.

Салтанаттуу кечки сый тамакка, тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу менен катар Түрк Кызылайынын жетекчиси Керем Кынык, Эл аралык Кызыл Крест жана Кызылай коомдору федерациясынын башчысы Тадатеру Коноэ жана Анталья губернатору Мүнир Караоглу да катышты.



Тектеш кабарлар