Түркия АКШдагы кол салууну айыптады
Окуяда каза болгондордун жакындарына жана Америка элине көңүл айтты
841274
![Түркия АКШдагы кол салууну айыптады](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/bdf8/9655/3199/59a165a4ccd65.jpg?time=1718852282)
Түркия АКШдагы чиркөөгө болгон кол салууну айыптады.
Тышкы иштер министрлиги АКШнын Техас штатындагы чиркөөгө болгон кол салууга байланыштуу: «Кол салууну катуу айыптап, окуяда каза болгондордун жакындарына жана Америка элине көңүл айтабыз»,-деп билдирди.
Министрликтин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Техас штатындагы чиркөөдө болгон кол салуудан ондогон кишинин каза болушуна жана бир канча кишинин жаракат алышына катуу капа болгондору айтылды.