Билим берүү министри Исмет Йылмаз ЮНЕСКО миссиясына токтолду

Билим берүү министри Исмет Йылмаз Түркиянын БУУнун негизиндеги  ЮНЕСКОнун иш алып баруу кеңешинин мүчөлүгүнө талапкерлиги тууралуу жоопкерчиликти алууга даяр экендигин айтты.

840156
Билим берүү министри Исмет Йылмаз ЮНЕСКО миссиясына токтолду

Билим берүү министри Исмет Йылмаз Түркиянын БУУнун негизиндеги  ЮНЕСКОнун иш алып баруу кеңешинин мүчөлүгүнө талапкерлиги тууралуу жоопкерчиликти алууга даяр экендигин айтты.

Исмет Йылмаз сөзүндө Түркиянын бүткүл дүйнөдө билим берүү тармагында кошкон салымына жана ЮНЕСКО миссиясына токтолду. Йылмаз Түркиянын  ЮНЕСКОнун иш алып баруу кеңешинин мүчөлүгүнө талапкерлиги тууралуу : «Түркия иш алып баруу кеңешинин мүчөсү катары жоопкерчиликти алууга даяр. Кездеше турган кыйынчылыктарды чечкиндүүлүк менен ашып өтүүгө жана жаңы башкы директорубуздун жол башчылыгында  бирдикте иштегенге даярбыз. ЮНЕСКОнун күчтүү багыттарын бирдикте дагы да өнүктүрүүнү каалайбыз»,- деди.

Түркия иш алып баруу кеңешинин мүчөлүгүнө шайлана турган болсо 195 мүчө өлкөдөн чечим чыгаруучу механизмде орун алган биринчи 58дин арасына кирет. Ушундайча Түркия глобалдык билим берүү, билим жана маданий саясаттарын дагы жакындан иликтөө жана чечим чыгаруу механизминде  орун алуу менен түздөн түз салым кошуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Түркия ЮНЕСКО идеалдарына күчтүү ишеничи жана уюмдун ойногон ролунун дагы да күчтүндүрүлүшүнө мүмкүнчүлүк түзүү максатында 2017 – 2021 – жыл үчүн иш алып баруу кеңешине талапкерлигин билдирген болчу.

Билим берүү министри Исмет Йылмаз Францияда түрдүү жолугушууларды да өткөрдү.



Тектеш кабарлар