Түркия Нью - Йорктогу кол салууну айыптады

Кол салууда 8 киши каза болуп 10дон ашуун киши жараланган.

838305
Түркия Нью  - Йорктогу кол салууну айыптады

Түркия АКШнын Нью – Йорк шаарындагы террордук кол салууну катуу айыптады. Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта : «Нью -  Йорк шаарында кечээ 8 кишинин каза болушуна, 10дон ашуун кишинин жараланышына себеп болгон террордук кол салуудан абдан санааркадык. Кол салууну катуу айыптап, окуяда каза болгондордун үй  - бүлөлөрүнө көңүл айтабыз»,- деген сөздөргө орун берилди.

Нью  -  Йорк мэри Билл де Бласио окуядан кийин өткөргөн пресс  - жыйында кол салууда 8 кишинин каза болгондугун, эң аз 15 кишинин жараланганыгын билдирген болчу.

 



Тектеш кабарлар