Шавкат Мирзеев Стамбулда Топкапы сарайын кыдырды

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев Стамбул Топкапы сарайындагы ыйык аманаттарды көрүүдөн ыраазы болгондугун айтты.

835442
Шавкат Мирзеев Стамбулда Топкапы сарайын кыдырды

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев Стамбул Топкапы сарайындагы ыйык аманаттарды көрүүдөн ыраазы болгондугун айтты.

25 -  октябрда Түркияга келген Мирзиеев Стамбулда да конок болду. Премьер  - министр Бинали Йылдырым Мирзиеев менен Чыраган сарайында жолугушту. Экономика министри Нихат Зейбекчи, улуттук коргоо министри Нуреттин Жаникли менен маданият жана туризм министри Нуман Куртулмуш да жолугушууга катышты. Жолугушуудан кийин премьер  - министр Йылдырым конок президент менен сүрөткө түшүштү. Йылдырым Мирзиеев менен бирге балкондо Стамбул кысыгын көрүштү.

Премьер  - министр Бинали Йылдырым Мирзиеевге 15 -  Июль шейиттер көпүрөсү, Чамлыжа мечитинин курулушу,  телекөрсөтүү антен мунарасы, министрлик кызматы учурунда курулган Мармарай жана Евразия туннели проектилери тууралуу маалымат берди.

Бул жолугушуудан мурда да маданият жана туризм министри Нуман Куртулмуш Өзбекстандын президентин Топкапы сарайында тосуп алды.

Өзбекстандын президенти Мирзиеев Топкапы сарайы музейин кыдырды жана ыйык аманаттар тууралуу маалымат алды. Ыйык аманаттарды көрүүдөн ыраазы болгондугун айткан Өзбекстандын президенти Мирзиеев Нуман Куртулмушка рахмат айтты.



Тектеш кабарлар